ӨКМ: Баткенде талкаланган үйлөрдүн ээлери чатырларда жашап турушат

 ӨКМ: Баткенде талкаланган үйлөрдүн ээлери чатырларда жашап турушат

Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңылары курулуп бүткөнгө чейин жарандар чатырларда жашап турушат. Учурда чатырлар тигилип жатканын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Меши менен кийизден жасалган жылуу чатырлар ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок. Чатырлар бүгүн Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде алгачкылардан болуп курулуп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен 600дөн ашык турак жай талкаланган. Алардын орду тазаланып, жаңы үйлөр курулат.

Куралдуу жаңжалдын айынан чек арага жакын калктуу конуштардын жашоочулары эвакуацияланып, абал турукташканда кайра өз үйлөрүнө кайтышкан.

Жанылыктар