ӨКМ: Баткенде талкалаган 160 үйдүн орду тазаланды

Баткенде куралдуу жаңжалда талкаланган 160 үйдүн орду тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“3-октябрга карата ӨКМ тарабынан 147 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 13 турак үй бузулуп тазаланды. Жалпы жумуштун көлөмү 34047 м3ду түздү”,-деп айтылат маалыматта.
Жарандык коргонуу комиссиялары облуста 640 турак үй такталганын тактаган. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217 оңдоп-түздөөгө муктаж. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.