ӨКМ: Баткенде дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылды

 ӨКМ: Баткенде дайынсыз болуп жаткан төрт адам табылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам дайыны чыкпай жаткан төрт адам табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыбеков билдирди.

“Тоо тарапты көздөй качып кетип, ошол жакта бекинип жаткан экен. “Биз аларды бекинген жерлерден таптык. Аларга тик учак жөнөтүп, эавкуация жумуштарын жүргүзүп, Баткенге түшүрүп алдык”,-деди министр.

Белгилесек, чек арадагы куралдуу кагылышта 59 адам мерт болуп, 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок. Бирок абал чыңалуу бойдон калууда.

Жанылыктар