ӨКМ Баткенде 112 миңден ашык жаран үйүнө кайта баштаганын билдирди

 ӨКМ Баткенде 112 миңден ашык жаран үйүнө кайта баштаганын билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Баткенде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам эвакуацияланган 112 миңден ашык жаран үйүнө кайта баштаганын билдиришти.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунан 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.

“Алардын ичинен 18 миң 281 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 миң 839 жаран эвакуациялык пунктарда, 1 миң 701 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран эвакуацияланган”,-деп айтылат маалыматта.

Президенттин басма сөз катчысы талкаланып, өрттөнгөн турак жайларды калыбына келтирүү кечээ, 26-сентябрда башталганын кабарлаган. Өлкө башчысы буга чейин жаңы үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтөт деп айткан.

Жанылыктар