Өкмөттүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

 Өкмөттүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготту деп таанылды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынды.

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, төмөнкү чечимдер күчүн жоготту деп таанылды:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 173 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жанылыктар