ӨКМ шашылык билдирүү таратып, сел жүрүшүн эскертти.

0
285

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти. 15-19-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Министрлик адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул тууралуу кабардар кылганын кошумчалады.