Үй ээсине дары ичирип уктатып, акча уурдоого шектелген жаран кармалды

 Үй ээсине дары ичирип уктатып, акча уурдоого шектелген жаран кармалды

Ош шаардык милициясы тарабынан бир нече ирет соттолгон Ош шаарынын 1962-жылы туулган Р-ва Х. аттуу тургуну кармалды. Ал акча урдоого шектелип жатат.

Шаардык милициядан билдиришкендей, шектүү быйыл июль айында шаардын А.Масалиев проспектисинде жашаган улгайган аял менен таанышып, үйүнө конок катары барган. Анда үй ээсине белгисиз дарыны берип, эсин жоготкондон кийин акчасын уурдап качкан.

“Үй ээсине дарыны ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып, 3 даанасын ичирген. Натыйжада, жабырлануучу эс-учун жоготкон. Шектүү кырдаалдан пайдаланып, жабырлануучуга таандык 60 миӊ сом акчаны уурдаган”,-деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү 30-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыгарылды.

Жанылыктар