Үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес. Баткенде 14 жаштагы кыз изделүүдө

Баткен облусунда 14 жаштагы Аяна аттуу кыз изделүүдө. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Жергиликтүү милицияга Аянанын жакындары кайрылып, ал 2023-жылдын 30-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эместигин айтышкан.
“Кыздын үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз. Ал психикалык жактан жабыркабайт”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилери: ак жүздүү, арык чырай, кашы, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 145-150см.
Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп билгендер болсо, төмөндөгү байланыш номерлери аркылуу кабарлап койсоңуздар болот:
03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.