Телерадиокомпания

Үгүт ишине аралашкан маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери иштен алынды

 Үгүт ишине аралашкан маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери иштен алынды

Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтан бошотулуп, айрымдарына сөгүш берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишев кызматтан алынып, “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Алай райондук маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев, Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өздөрү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан сырткары А.Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалимине, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин директорунун орун басары Марат Раишовго сөгүш берилди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Жанылыктар