Үч жыл бөлүп төлөсөңүз болот. Ош шаардык мэриясы дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштады

 Үч жыл бөлүп төлөсөңүз болот. Ош шаардык мэриясы дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштады

Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, турак жайдагы батирлер толугу менен бүткөрүлүп тапшырылат. Башкача айтканда, батирлердин ички ремонту, тиешелүү тутумдарга кошуу, санузел, эшиктери, газ тармагына кошуу иштери толугу менен бүткөрүлүп берилет.

“Азыр капсула салынып жаткан 9 кабаттан турган 106 батирлүү үй 2024-жылдын апрель айында пайдаланууга берилмекчи. Бир чарчы метрдин баасы 39 миң 525 сомду түзөт. Бул үйдүн жанына муниципалдык ипотекалык программанын алкагында жакынкы аралыкта дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.

Жарандарга батирлер 3 жылдык бөлүп төлөө шарты менен сатылат. Баштапкы төлөм 30 пайыз деп белгиленди. Бул шаардык мэриянын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан бешинчи долбоор.

Жанылыктар