Травма алганда биринчи жардам кандай болушу керек?

0
2877
Жыл башынан бери Ош шаардык травматология бөлүмүнө 200 дөй адам кайрылган. Алардын ичинен оор жараат алгандар лыжа базаларынан муз тээп же көк-бөрү ойюнунан жабыркагандар.   

Ооруканага жеткенге чейин, жабырлануучуга биринчи жардам кандай болуш керек экендигин Сынык жараат бөлүмүнүн дарыгери Кубанычбек Ормошев айтып берди.

Кол сынганда:

Колдун сөөгү сынса да, муундан чыгып кетсе да манжа, алакандар иштей берет. Колум чыккан жок, же сынган жок, себеби манжаларым иштеп жатат дегендер болот. Алакан, манжалардын кыймылы тарамыштан көз каранды, сөөктөн эмес.

Моюн сынганда:

 Сыныктардын эӊ коркунучтуусу — моюндун сынуусу. Моюн иштебей калганда кол, бут да иштөө функциясынан ажырайт. Эгер моюн сынган болсо, аны дарыгер келмейинче ордунан жылдырбаган дурус. Бирок, кандай гана сынык болбосун тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамды травматологияга алып келгенче сөзсүз мойнуна шина коюп келишет.

Кабырга сөөк сынганда:

Кабырга cөөк cынганда, катуу оорутат, дем алуу начарлап, өпкөгө зыян келет. 3 кабыргага чейин сынган болсо аны амбулатордук дарылоо менен сакайтса болот. Yчтөн ашык кабырга сынса анда ооруканага жаткырылып, дарыгердин көзөмөлүндө каралат. Дээрлик көп учурларда кабырга амбулатордук дарылоо менен өзү  эле түзөлүп кетет. Мындай учурда көкүрөктү байлоонун же шакшак коюп таӊуунун зарылдыгы жок. Өпкөнү таза cактоо үчүн, ар бир эки cаатта 4-5 маал тереӊ дем алып туруу керек. Бул ыкманы  нормалдуу дем ала баштаганга чейин күндө жаcай берүү керек.  Ооруксунуу толук баcылгыча, бир нече ай өтүп кетиши мүмкүн.

Сан сөөк сынганда:

Cан cөөктүн cынышы көп учурда өзгөчө кароону талап кылат. Мындай учурда дененин бардык бөлүгү шакшак коюп таӊып, жабыркаган адамды дароо ооруканага алып барган жакшы.

Катуу жараат алган адамды ордунан жылдыруу эрежелери:

Жабыркаган адамды ордунан жылдыруу зарылчылыгы туулса, анда эч бир жерин ийбей, өтө этияттык менен, 5-6 адамдын жардамында өйдө көтөрүӊүз. Өзгөчө башы менен моюнунун ийилип кетишине жол бербеӊиз. Адегенде жаткырууга ыӊгайлуу, тегиз жер даяр болуусу керек.

Эгер мойну cынcа же жабыркаcа, жылып кетпеcин үчүн башынын эки жагына теӊ тыгыздап кабатталган кийимдерден же кум толтурулган каптардан коюп коюӊуз. Көтөрүп баратканда дөӊсөө жерлерде да бут жагын өйдөрөөк кылып көтөргөнгө аракет кылыӊыздар.

Сыныкка шакшак коюу:

Сыныкка дароо катуу материалдан (жыгач, металл, пластмасса) шакшак коюу керек. Шакшакка таяк, кол чатыр, тактай сызгыч, катуу кардондор жарайт. Шакшак кийимдин жана бут кийимдин үстүнөн эле коюлат. Жылаӊач этке шакшак коёрдон мурда ага кебез, дакиден калыӊ коюп туруп сынган кол-буттун бир нече жеринен кур, жип же даки менен таӊуу керек. Буттун эки капталына коюлат, ал эми колдун асты менен үстүнө коюлат. Шакшактын узундугу сынган жердин жанындагы муундарды туташтыргандай болгону жакшы. Сыныкты кыймылдабагандай кылып таӊуу керек. Бирок катуу таӊбайт. Катуу таӊса кан жакшы жүрбөй, сыныктын төмөн жагы көгөрүп же кубарып кетет. Эгерде шакшак коюуга эч нерсе табылбаса, анда сынган бутту соо бутка таӊып, колду моюнга асып койсо болот.

Эсиӊизде болсун: Эч качан чоюлган жерге же cынган cөөккө бир нерcе сүртпөӊүз жана аларды укалабаӊыз. Мунун зыяны гана болбоcо, пайдасы жок.

 Чыгып кетүү учурунда көпчүлүк сыныкчыга барышат. Ал туура эмес. Дарыгердин көзөмөлүндө болуп, аппаратка тарттыруу зарыл. Мүмкүн сөөккө жарака кеткендир, же тарамыштарга доо кеткендир.