Таж-Махал мечити зыяратчыларга эшигин ачты

0
378

Пандемиянын кесепетинен жарым жылдан бери жабык турган Индиядагы Таж-Махал күмбөз-мечити кайрадан иштеп баштады. Бирок, мечитке кирген адамдын саны күнүнө 5 миңден ашпашы керек. Имаратка кирген адамдардын бардыгы санитардык эрежелерди сактап, бет кап тагынууга милдеттүү.

Тамерлан Шах-Жахандын жубайы Мумтаз-Махалга арналып курулган мечитти жылына 7 миллионго жакын турист көргөнү барат.