Стив Джобс: Чер жаза сүйлөшө турган адамыңыз болсо, сиз чындап бактылуусуз!

0
527
56 жаш курагында рак илдетинен каза болгон белгилүү миллиардер Стив Джобстун акыркы сөзү:

«Мен ишкерликте ийгиликтин туу чокусуна жеттим, башкаларга менин жашоом тимеле жыргалдай көрүнөт.
Бирок, мен үчүн жумушумдан башка жагымдуу нерсе жокко эсе. Байлыкты башкача түшүнүп калдым.
Азыр төшөктө ооруп жатканымда бүт өмүрүмдү көз алдымдан өткөрдүм. Менин атагым жана байлыгым босогомдо турган өлүмдүн алдында эч кандай мааниге, күчкө ээ эмес экендигин түшүндүм.

Сиз өзүңүздүн ордуңузга машина айдай турган адамды жалдап ала аласыз, сиз үчүн акча иштеп таба турган адамды жалдай аласыз, бирок сиз болгон байлыгыңызды берип болсо да ушул ооруу менен сиз үчүн ооруп бере турган адамды жалдай албайсыз.
Каалаган буюмду сатып алса болот, бирок өмүрдү сатып алганга болбойт.
Жаш өткөн сайын акылман боло баштайт экенбиз, 30$ га алынган саат менен 300$ га алынган саат бирдей эле убакытты көрсөтөөрүн түшүнө баштайбыз.
30$ турган вино ичсеңиз да 300$ турган вино ичсеңиз да бирдей эле мас болосуз.
Эгерде учак куласа сиз учактын биринчи класстагы бөлүгүндө отурсаңыз деле баары менен кошо кулайсыз.
Чер жаза сүйлөшүп отура турган адамыңыз болсо, анда сиз чындап бактылуумун десеңиз болот.

Жашоодогу мен билген 5 талашсыз нерсе:

1. Балдарыңызды бай болгонго эмес бактылуу болгонго умтулууга тарбиялаңыз. Ошондо балдарыңыз чоңойгондо бир нерсенин баасын гана эмес баалуулугун биле алышат.
2. Тамакты дары жегендей жеңиз, антпесеңиз дарыны тамак жегендей жеп каласыз.
3. Жакын адамыңыздын сизди таштап кетип калууга жүз себеби болсо да анын сиз менен калып калуусунун бир себеби болуусу керек.
4. Бул дүйнөдө адам болуп жашап өтүү менен адамдай болуп жашап өтүүнүн айырмасы чоң.
5. Эгерде тез баскыңыз келсе, анда жалгыз басыңыз. А эгерде узакка жеткиңиз келсе, анда чогуу басыңыз.

Жашоодо жыргап жашап өтүүгө умтулуңуз. Жашоонун жыргалын жакын адамдарыңыз менен чогуу көрүңүз!

Булак: Бердибек Жамгырчиевдин ФБ баракчасынан.