Союздун «честный» адамы, эски пиджагын сатып күн көрүүдө

0
792

Эски пиджагын сатууга тикесинен кармап турган абышканы таң эртелеп байкаганмын. Мына азыр саат түшкү 3төн өттү, ал даагы деле ошол калыбында турат. Олтурган жок, олтурууга орун деле жок. Байкашымча түштөнүүгө да барган жок.

Жанына барып 50 сом берсем, «Ой сынок зачем ты так, я не попрошайка, не буду брать…»-деп албай койду. Бир саамга сүйлөшө кеткен соң, акчаны чөнтөгүнө мажбурлап салып, кете берүүгө мажбур болдум.

Мына ушундай жардамга муктаж, бирок, намысы күчтүү карыялар бар…

Мелис Аспековдун фейзбук баракчасынан…

Сүрөт Орто-Сай базарынын жанынан тартылган.