Россиялык алып баруучу Ассоль Молдакматованы сотко берип, $1 миллион өндүрөрүн жазып чыкты

0
293

Алып баруучу Артур Цветков соцсеттеги баракчасына Ассоль Молдокматовадан компенсация катары миллион өндүрөм деп билдирүү таратты.

Мунун себебин шоумен, Москвадагы кыргыз жараны менен болгон чырдан кийин, А.Молдакматова аны улутчул деп атаганы менен түшүндүргөн.

Буга чейин, 11-августта Москва шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде Артур Цветков менен аталган ресторанда иштеген кыргыз жаранынын ортосунда чыр чыккан.

Анда алып баруучу ошол жерде иштеген Манап аттуу жигитке бет кап кий деп ызы-чуу салып, экөө уруша кеткен. Жада калса полиция чакырып, кыргыз жигитти депортация кылам деп коркутууга чейин барган. Окуядан кийин Артур Цветков кыргыз жаранынан кечирим сурап, экөө элдешкен.