Ош. Торттон ууланган мектеп окуучуларынын абалы орто, ооруканага 8и түштү

0
790

24-сентябрь: Гапар Айтиев мектебинин 3 “А” классынын окуучулары тортко ууланып, ооруканга түштү. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору маалымдайт.

Аталган мекеменин жетекчиси Сейиткасым Курбаназаровдун маалыматына ылайык, кечээ 23-сентябрь кечинде  6 өспүрүм торттон ууланып Ош шаардык балдардын инфекциялык ооруканасына жеткирилген. Бүгүн аларга 2 мугалими экөө кошулду.  Учурда балдардардын температурасы көтөрүлүп, абалы орто деп айтылууда.

Жабырлануучулардын айтуусу боюнча алар “Вкусландия” деп аталган фирмалык магазиндин  тортун жеген.

Санэпид. кызматынын адистери учурда аталган магазинди жаап, андагы 18 тортту лабораторияга алып, текшерип жатышкандыгын кошумчалайт.

Эскерте кетсек жыл башынан бери Ош шаарында тамак аштан уланган 11 адам ооруканага түшкөн. Алардын бешөө үй шартында ууланган.