Ошто 60 жаштан жогорку кызматкерлер аралыктан иштөөгө өттү

0
435

12-октябрдан тарта Ош шаарындагы ишканаларда 60 жаштан өткөн кызматкерлер онлайн режимде иштешет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйыны өтүп, ага биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жана штабдын мүчөлөрү катышкан.

Жыйында коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин, рейддерди күчөтүү, той-мааракелерди өткөрүп жаткан кафе-ресторандарды жабуу  тапшырмалары берилди.

Шаардагы мекеме-ишканаларда иштеген 60 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер онлайн режимде иштөөсү боюнча чечим кабыл алынган. Абалга жараша стационарлар, дары-дармектер даяр болуусу айтылды.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы №52 мектепте ачылган стационар күнү-түнү бейтаптарды кабыл алууда.