Ошто тез тамактануучу жай күйүп, өрт жанындагы имартка да өткөн.

0
117

Кечээ, 8-март күнү кечки саат 19:45 чамасынд Ош шаарында тез тамактануучу жайдан өрт чыгып, жалын экинчи имартка да өткөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Анда Курманжан датка көчөсүндөгү аянты 45 чарчы метр болгон “Айти” тез тамактануу жайы толугу менен күйүп, жанында жайгашкан “Магнит” тез тамактануу жайына өтүп кеткен. Кырсыктан “Магнит” тез тамактануу жайынын 15 чарчы метр шыбы күйгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.