Ноокатта 4 жерге блокпост коюлду

0
875

Ноокат районунда 4 жерге блокпосттор коюлду. Бул тууралуу Ош ОИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, блокпосттор Ноокат районунун бардык кирүү-чыгуу жерлерине, тактап айтканда Зулпуев айыл өкмөтүнүн кире беришине, Көк-Жар айыл өкмөтүнө, Ноокат шаарынын кире беришине, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө. Блокпосттордун саны дагы көбөйөт.
Блокпостторду коюнун максаты – элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коопсуздук чараларын көрүү, кичи ажылык сапардан келгендер менен байланышта болгондорду аныктоо.
Ош ОИИБдин маалыматына караганда, Ноокат районундагы коронавирус аныкталган адамдар кичи ажылык сапардан келгенден кийин ажы той өткөрүүгө жетишкен.
Бүгүн, 20-мартта Кыргызстанда дагы 3 адамда коронавирус аныкталганы белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматы боюнча, алар Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары. Кичи ажылык сапардан кайтып келишкен.
Бейтаптар изоляцияланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Кыргызстанда коронавирус жуккан жалпы 6 бейтап бар.

Булак:turmush.kg