Мурда соттолгон аял кайра темир тор артына түштү

0
34

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген 57 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, ушул жылдын 8-майында Сокулук РИИБге Бишкек шаарынын 60 жаштагы тургуну Т.Г. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2014-жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылында жайгашкан 10 сотых жер тилкесин О.Ч. аттуу аялдан 300 000 сомго сатып алган. Бирок шектүү жер тилкесин көрсөтпөй качып кеткен.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлеринин иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 57 жаштагы О.Ч. кармалды. Ал буга чейин сот жообуна тартылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын ушул сыяктуу сегиз фактыга тиешеси бар экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Булак:turmush.kg