Москва-Санк-Петербург жолунда каза болгон мигранттын өздүгү такталууда

0
395
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва — Санкт-Петербург жолунун боюнан табылган мигранттын өлүмүнүн чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк «Азаттыкка» билдирген.

24-ноябрда бир катар маалымат каражаттары киши колдуу болгон жаран жөнүндө жазып, ал айдоочулук кылып жүргөн мигрант экенин кабарлашкан. Окуя Тосненский районунда болгон. Анын сөөгү таңга жуук ээсиз турган «КамАЗга» жакын жерден, көпүрөнүн астынан табылган.

Полициянын маалыматында маркум 43 жашта экени, Кыргызстандан бир жыл мурун келгени айтылат.