Москвада 23 жаштагы кыргыз жигит 7 кабаттан кулап каза болду

0
420

Москва шаарындагы Кыргыз Диаспорасынын билдирген маалыманына ылайык Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылынын кулуну Замирбек Уулу Бектемир (1996 төрөлгөн) 19 — сентябрь күнү Москва шаарында көп кабаттуу офистин сыртында иштеп жатып 7- этаждан жиби үзүлүп кулап кеткен. Тез жардам менен Москва шаарындагы 1- ооруканага жеткизилип, 2 суткага жакын комада жаткан. Алган жаракаты өтө оор болгондуктан 21 сентябрь күнү каза тапкан.
24 — сентябрь Маркумдун сөөгүн Москва-Ош багыты боюнча мекенине жөнөтүлгөн.
Москва шаарындагы кыргыз Диаспорасы маркумдун сөөгүн салууга салым кошкон мекендештерге ыраазычылык билдирип, расмий баракчасына маалымат калтырган.