Кытайдан Кыргызстанга 42 адам келди, 9 жаран ооруканада көзөмөлдө

0
2505
28-29-январь күндөрү Кыргызстанга Кытайдан 42 киши келди. Алардын 24ү кыргызстандык, калган 18и кытайлык жарандар.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Бул күнгө карай Ысык-Ата районундагы ооруканада жатышкан 6  студент  да  чыгарылды. Санитардык-карантиндик пункттардан 14 миң 445 киши текшерүүдөн өтүштү.

«Келгендердин баары тепловизордун жардамы менен медициналык процедурадан өтүштү, аларда оорунун белгилери табылган жок. Москва районундагы ооруканада 6 киши, Сокулук районунда 3 киши жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык, дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө. Калган 33 киши андан ары жашаган жеринен медициналык көзөмөлдөн өтүшү үчүн үйлөрүнө кое берилди», — деп билдиришти министрликтен.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (18 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 30-январга карата 170 адам каза болуп, дагы 8 миңге жакын киши илдетти жуктурганы кабарланган. Мындан тышкары 1 миң 370 адамдын абалы оор экени айтылган.