Коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор

0
262

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 351 бейтап жатат. “Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын бешөө реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 54 бейтаптын абалы орточо оор, 285 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деди ал.

Башкы санитардык дарыгер баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 254 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.