Коронавирустан каза болгондор 106га жетти, жуктуруп алгандар 4500

0
464
Кытайда чыккан коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 106га жетти. Ал эми илдетти жугузгандардын саны 4500дөн ашты. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо комитети маалымдады.

Бир күн мурда вирус жугузгандардын саны 2744кө жеткенин  жана 80 адамдын каза болгондугу катталган болчу. Сутка ичинде илдетти жугузган 1771 жаңы окуя катталды.

Кытайдан башка өлкөлөрдү алсак, Гонконгдо 8, Макаодо 7, ал эми Тайванда 5 вирусту жуктурган абал катталды.

Каза болгон 106 адамдын 100ү вирустун очогу болгон Хубэй провинциясынын тургундары.

Кытай бийлигинин маалыматына ылайык, 976 киши оор абалда жатат. Ал эми 60 бейтаптын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылды.

Андан сырткары, дагы 6973 адам жаңы вирусту жуктурган деп шектелүүдө. Ошондой эле, илдетти жугузгандар менен мамиле түзгөн 44132 адам көзөмөлгө алынган.