Кече, балалуу келин кетирем деп коркуткан дарыгер бүгүн кызматынан кетти

0
2681
Кечээ балалуу келин дарыгерге кол көтөрүп, коркуткан тасма иштернетте таркаган. Бүгүн дарыгер жумуштан кетип жатканын кабарланда.

Дарыгер бейтаптардын шылдыңына чыдоого күчү калбагандыгын айтып арыз жазган, жетекчилик аны кабыл алган.

«Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, эл дарыгерлерди сыйлабаса, анда баардык медиктер кетип калышат. Мен өз ыктыярым менен кетүү тууралуу арыз жаздым, анткени мага карата жаман мамилеге чыдоого алым жок», — деген.

Ошону менен бирге кол көтөрүп, сөз менен коркуткан келиндин үстүнөн да арыз жазган. Бул тууралуу шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирет.

Эске салсак, ооруканада балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат. Окуя Бишкектеги № 3 шаардык балдар клиникалык ооруканасында болгон.

Булак: 24.kg