Кеминдеги жайлоодо 40 гектар жердеги куураган чөп өрттөндү

0
33

14-сентябрда Чүйдөгү Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл аймагынын Жел-Аргы жайлоосунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куураган чөп жана чычырканактар күйдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.

«Куткаруучулар өрттү саат 20:30да чектөөгө алып, саат 23:10до толугу менен өчүрүштү. Өрттү өчүрүүгө 2 офицер, 11 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам катышты. Учурда өрттүн себеби такталууда. Адамдар жабыркаган жок», — деп айтылат маалыматта.

Булак:turmush.kg