Кара-Сууда өрттөнгөн спорт залда мугалим жашап жаткан

0
514
Кара-Суу районунун Большевик айылындагы мектептин спорт залынан өрт чыкты. ӨКМдин тараткан маалыматка ылайык электр жылыткычтары себепчи болгон. 

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен  спорт залдын 34 чарчы метр жыгач полу күйүп кеткен. Спорт залдын жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн.

ӨКМдин Ош облусу боюнча өкүлүчүлүгү берген маалыматка ылайык  өрт кечээ, де алыш күнү электр жылыткычтарынан келип чыккан.

Ата-энелердин айтымында, спорт залынын кийим алмаштыруу бөлмөсүндө 2 мугалим жашыруун жашап жүрүшөт. Буга ата-энелер өтө нааразы жана тиешелүү кызматтар чара көрүп беришсе дешүүдө.