Каныбек Исаков парламентте ант берди

0
515

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков бүгүн Жогорку Кеңеште ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ант берүү аземине Президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, жаңы министрге чоң жоопкерчилик менен ишеним көрсөтүлүп жаткандыгын эске салып, эл үчүн иштеп берүүгө чакырды.

Эске салсак мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева массалык нааразычылыктан улам өз аарызы менен кызмат ордун тапшырып берген.
Билим берүү тармагы жаңыланууга, жаңы системага муктаж.

Кызматка киришип жаткан жаңы министр Каныбек Исаков мурда Ош Мамлекеттик Университетинин ректору болчу. Ал окуу жайдын эл аралык карым-катнашын жакшыртып көпчүлүктүн алкоосуна ээ болгон.