Жоопсуз махабаттын жазасы

0
981

Көңүл түпкүрүнөн орун алган адамды оңойлук менен унута албайсың. Айрыкча, эсиң кете, жан-жүрөгүң менен сүйгөн жанды унутуу кыйын. Колуңду шилтеп кеткенден кийин унутула салса, кана?! Кээде анын элеси бир нече жыл көкөйүңөн кетпей, туруп алганы бар. Бир күнү сезим өчтү, унуттум го деп ойлойсуң.

Бирок…
Капысынан жолугуп калсаң, интернеттен сүрөтүн көрүп калсаң, же болбосо добушун угуп калсаң, жүрөгүң дирт этип, колуң калтырай түшөт.

Бүттү… Баары башынан кайра башталат. Көз жашыңа эрк берип, кайгы-муңга малынып, бир бокалдан соң экинчи бокалга умтула бересиң. Түн баласы тамеки тартуу менен өтөт. Эсиңен кетпеген эски эстеликтер уйкуңду уурдайт.


Бир күнү таксиде келе жатып, же болбосо таңкы кофени ууртап отуруп, же дүкөндө кезекте турганда жүрөктүн бошоп калганы түшүнөсүң. Биротоло. Дым сезим жок.

Өзүң да ишене албай анын баракчасына өтүп, бар сүрөтүн аңтарып чыгасың.

Бүттү. Сезим өчкөн. Жүрөк оорубайт. Ыйлагың да келбейт. Көчөдөн көрүп калсаң да, жүрөк баягыдай аткактап кетпейт. Миз бакпайт.

Жоопсуз махабат ушундайча жазылат. Бир адамга болгон көз карандылыктан ушундайча кутуласың. Ошентип бүгүнкү сезимиң өткөн чакка зымырап өтөт…

София Кошкина

Булак: Баян Акпаралиевнанын ФБ баракчасынан.