Жар-жар ырын ким айтат? талкууга катышыңыз…

0
607

ОшТВ телеканалындагы «Эл айтсын» ток шоусунун бул жумадагы темасы «Тойдогу жар-жар ырын айтуунун жол-жобосу» болмокчу.

Салтка кайрыла турган болсок, байыртан кыргыз эли жар-жар айтуу үчүн атайын жакшылыкка ырымдап «ак байбичелерди» алыстан чакыртып алып,  келинди үйгө алып кирип берүүсүн өтүнүшкөн.

Ак байбиче- төгөрөгү төп келген, калк арасында кадыр барктуу, турмуштан ордун тапкан, ар кандай ушак айың ээрчитпеген, бала-чакалуу, жолдошу бар аял болгон.

А бүгүнкү күндө жар-жар ырын кимдер айтып жатат?

Эгер алар каада-салтка маани бербей турган болсо, анда үйлөнүп жаткан жубайлар каражатын коротуп жар-жарчыны эмне үчүн чакырат?

Ушул жана башка суроолор боюнча жума күнү талкуу болот.

Сиз да катышып, пикириңизди билдирсеңиз болот.