Бөкөнбаев айылында социалдык дүкөн ачылды

0
74

Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Бөкөнбаев айылында социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык дүкөндү ачуу жергиликтүү бийлик тарабынан демилегеленген. Калктын аярлуу катмары, жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр аталган дүкөндөн өздөрүнө керектүү кийим-кечелерди жана турмуш-тиричиликке зарыл болгон буюмдарды акысыз алса болот. Кийим-кече менен гана чектелбестен, азык-түлүк бөлүгүн ачуу иштери да пландаштырылууда. Айылдагы жеке ишкерлер, соода түйүн ээлери өз салымдарын кошуп, ашыкча болгон кийим-кече, тиричилик буюмдары менен бөлүшүп турса, бул дүкөн мындан ары да туруктуу түрдө иштеп, калктын аз камсыз болгон катмары үчүн кызмат кыла берери күтүлүүдө.

Социалдык дүкөндүн ачылышына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Г.Шаршенбек кызы, райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Кошубаев, Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин төрагасы М.Осмонов, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы С.Монолдоров, айылдык кеңештин депутаттары жана социалдык адистер катышты.

Алар дүкөндүн ачылышына салым кошкон депутаттарга, айыл өкмөтүнүн, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Булак: turmush.kg