Баткен: “Кечке чейин кырдаалды жөнгө салабыз”. УКМК төрагасы К. Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Ятимов Саймумин менен жолукту.

0
204

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Ятимов Саймумин менен жолукту. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ташиев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бардык суроолор чечилип жаткандыгын айткан.

«Бүгүн кечке чейин кырдаалда жөнгө салабыз. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жайда жолуктук«, — деди Ташиев.