Айтурган Темирова: Б.Шамшиевди Айтматов менен бир деңгээлдеги киши катары көрөм

0
2351
Атактуу кинорежиссёр, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 78 жаш курагында дүйнө салды. ВВС мурдакы жубайы, белгилүү актриса Айтурган Темированын маегин жарыялады. Анда белгилүү кинорежиссёрдун арманы, максаттары жана музасы айтылган.

Айтурган Темирова: Атактуу кишилерди ушак ээрчийт экен. Шамшиев экөөбүздүн ортобузда эмне болгонун, өзүбүз гана билебиз. Биз ажырашкан жокпуз, биз — бири-бирибизге эркиндик бердик десем туура болот го. Урушуп-талашып, жаман-жакшы айтышкан жокпуз. Кайра куруу, эгемендик жылдардагы оош-кыйыш бизди эки башка жолго салды. Бирок биз дайым байланышта болдук. Балдарыбыздын, неберелердин туулган күндөрүн чогуу белгилейт элек. Кийинки жубайлары менен дагы жакшы мамиледе болдум.

Шамшиев улуу талант эле. Ар бир сөзүндө учкул ой жатчу. Анын оозун карап эле отурчумун.

Болот Шамшиев улуу киши болчу, мыкты ата, мыкты күйөө болчу (ред. — ыйлап айтып берет).

Би-Би-Си: Шамшиевдин көптөгөн таланттарды ачкан көрөгөч, көсөм киши болгонун айтып өттүңүз. Сиздин чыгармачылыгыңзга кандай таасир этти эле? 16 жашыңызда «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасына тартылган экенсиз.

Айтурган Темирова: Менин талантымды дагы ойготту…(ред. — ыйлып айтып берет). Кино студиянын жанында интернатта окуп жүргөн элем. Кудайдын буйругу болсо керек, мени байкап көргүлө деп кино сынакка алып келишиптир. Мага чейин көптөр кино сынакка келишкен экен. Ал менден потенциалды көрсө керек. Мен ал киши үчүн узак жылдар муза болдум. Ооба, муза болдум… Кайра куруу жылдары, андан кийинки эгемен жылдары келди.

Чыгармачыл кишилер бизнести кайдан билишет. Бирок жашоо ошого мажбурлап, фирма ачып, аракет кылды.

Аны баалашкан жок. Кемсинтишти, эмгектери баркталбады. 29 жыл кино тартпай отуруп калды. Бул өтө жаман, өтө жаман, түшүнөсүңөрбү. Бул сүрөтчүнүн колунан кыл калемин алып койгондой эле кеп да.

Анын колунан баарын алып коюшту. Дагы бир кино жаратчу болсо, Кыргызстанды дагы дүркүрөтмөктүр эле.

Майда кишилер ар дайым улуу кишилерди колдон-буттан байлап келишет тура.

Турмуш чындыгы ушундай экен. Мен аны Айтматов менен бир деңгээлдеги киши катары көрөм. Экөө дайыма бирге жүрүп, сценарий жазып, ой бөлүшөт эле. «Ай, Боке сен абдан таланттуусуң, жазбайсыңбы»,-деп айтып калчу эле. Айтматовдун чыгармаларын киного тартканда, боекторду кошуп, ийине жеткире иштечү. Муну Айтматов өзү да жогору баалайт эле.

Булак: ВВС басылмасы. (Маек кыскартылып берилди, толук окугусу келгендер үчүн https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-50837639 шилтемеси жардам берет.