Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун жеңди

0
269

Кыргыз спортчусу, Азиянын 3 жолку чемпиону, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогун жеңди.

Тыныбекова 62 кг салмактагы финалдык беттешке  латвиялык Анастасия Григорьева менен чыгып, 14:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми жарым финалда орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде уткан.

Кыргызстандын эгемен тарыхында кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алтын байгесине биринчи жолу Айсулуу Тыныбекова ээ болду.

Ошондой эле, бүгүн, 16-декабрда Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясынын финалдык беттешинде орусиялык Ханум Валиева менен күрөшөт. Ал эми Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшөт.

Дүйнө Кубогунан учурда кыргызстандык спортчуларнын байге куржунунда 2 алтын, 2 коло медаль бар.