Айзада Тумакова: Бизде балетке кызыгуу бар, түшүнүк жок/ телеканалдар балет жөнүндө көбүрөөк көрсөтсө

0
856
20-январда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.
Алардын катарында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисти Тумакова  Айзада Маметисаевна Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы менен сыйланды. 

1. Биринчиден сыйлыгыңыз кут болсун? Күттүнүз беле, сиз үчүн баасы канчалык?

Чоң рахмат куттуктаганыңарга! Мен абдан кубанычтамын, бир алдын сүйүнүп жатам, бир алдын чоң жоопкерчилик мен үчүн. Алдыда чоң максаттар коюлган, дагы деле театр үчүн, элим үчүн, өлкөбүз үчүн кызмат жасай берем. Бул сыйлык бир эле меники эмес, биринчиден менин ата-энемдики, алар окутуп, жакшы тарбия беришкен,  кыйналган кезде дайыма колдоп келишти.

Негизи мен күткөн жок элем, бирок баары айтышат эле. Мен балеттин башкы директору Керим Ырысалиевичке ыраазычылык билдирем! Директор болуп келгенде айтты эле: «Сен көп жылдан бери эмгектенип келе жатасың, сен татыктуу иштеп келе жатасың»-деп.

2. Балет дүйнөсүнө кантип келип калдыныз эле? Балким өзүнүздүн тандоо эмес чыгаар. Анткени өспүрүм кезден катышууга туура келет эмеспи?

-1986- жылы Москвадагы хореография окуу жайынан келген Айдай Шукурбекова  мени көрүп, Ленинградка алып кетем деп ата-энемден сурайт.  Алар «бул кичинекей кыз болсо кантип барат»- деп ынабайт.

Ошол кезде 1-секретарь Азим Карашев атама кызыңды жөнөт деген экен. Ошентип бир жылдан кийин 1987- жылы хореография окуу жайына,  Москвадан комиссия келип мени тандап кетишти.

Ал Большой театрдын алдындагы Москва Академиялык Хореография училищасы болчу.  Меним мугалимим Юсим Маргарита Наумовна. Кийин биз Большой театрда бийлеп баштадык, ушунчалык кооз, бийик, чон театр экен, биринчи жылдары менин башым айланып, оркестирден кулагым тунуп калчы, кийин көнүп калдым.

3. Балет искусствонун бийик чокусу деп айтылат, эмне учун? Сизди эмнеси менен арбап келет?

Убагында көп кыйынчылыктар болду, балет абдан оор кесип, күнүгө кыймыл аракет. Жалкоо адамдарды балет жаман көрөт. Методикасы абдан оор, мен кыйналган кезде окубайм деп чыктым. Ошол кезде мамлекеттик камсыздоо деген бар эле, мени гособеспеченияга кошуп койушту, ата-энеме чон жардам болду.

Окууну 1994- жылы бүттүм. Москвага кал деп сунушташты, келип атаман сурасам, «Сен канча жылдан бери Москвада окудуң болду эми жетишет, эми өз өлкөнө иштеп, кызматыңды жаса! Сенде патриоттук сезимин барбы?»- дегенден калып, иштеп калдым.

Биринчи жылы 3-чоң спектакль даярдадым : А. Адан «Жизель», П.Чайковский «Щелкунчик», М.Раухвергер «Чолпон».

Окуп жургон кезде кандай гана улуу инсандарга жолуктум. Галина Уланова, Юрий Григорович,Владимир Васильев, Екатерина Максимова, Надежда Павлова, Вячеслав Гордеев жана башкалар бул кесипке кызыгып калуума себеп болду.

4. Кыйынчылыксыз ийгилик болбойт дейт эмеспи, сиз кандай сыноолорду, кантип басып оттунуз? Кыйналган кундорунузду эстеп королу…

Кыйынчылыктар албетте бардык тармактарда болот. Бирок ага карабай иштеш керек да. Менин оюмда кесибиңди сүйсөң, ошол сүйүү менен чыдамкайлык, аракетиң менен жеңесиң.Театрда ар кандай интригалар болот, анын баарын эстеп отурсак чон китепке айланып калат го…. (күлүп) Бирок ошол менин душмандарыма, ошондой кыйналган күндөрүмө ыраазымын, ансыз жакшы нерселерге жетпейт элем.

5. Балет дүйнөсүндө максатыңыз эмне эле? Азыр кандай?

Мени Москвада мыкты мугалимдер окутушкан, кандай жогорку деңгээлде тарбия алдымды, мугалимдеримдин, мектептин бийик деңгээлин иш жүзүндө көрсөтөйүн деп жүрөм.

6. Аймактарды кыдырып, бат-баттан концерт берүүгө эмне тоскоол болууда?

-Азыр эч кандай тосколдук жок, менин оюмча концерт менен кыдыруу башкы балетмейстердин колунда. Маданият министрилиги жакшы колдоо көрсөтүп жатат, жакшы программа даярдап, артисттерди даярдап алып чыкса болот албетте.

7. Азыр искусствонун ар бир тармагы бизнес менен айкалышып, шоу бизнес онугуп жатпайбы, сиздердин тармакта дагы мумкунчулуктор барбы?

Биздин тармакта бизнеске мүмкүнчүлүк жок. Ырчылар, музыканттар ошондой нерселерди жасай алышат. Биздин балет жасай албайт. Балеттегилер тойго барып бийлей албайт, буттун учу менен кафельде бийлесе болбойт. Башка бий группалар албетте ар жерде бийлей беришсе болот, биздики жок.

8. Балерина, балерон болууга кызыккандар барбы? Сиз сабак берген мектеп жонундо айта кетсениз…

Кызыккандар аябай көп, карабайсыңарбы биздин шаарыбызда канча деген бий студиялар көбөйүп калды. Хореография окуу жайына көп ата-энелер балдарын окутам деп алып келишет. Бирок, менин оюмча, биздин өлкөбүздө кызыгуу бар, түшүнүк жок. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын физикалык дене-мүчөсүнүн сымбаттуу болуусун гана каалашат. Андай эмес да. Бул деген кесип, ага ойлонуп, жакшы физикалык даярдоо менен, сүйүү менен келиш керек. Кичинекей кезиңде кыялданып, кыйын болсо да жеңиш керек.

Кичинекей кыздарга сабак берем, ошондо ата-энелерге, «Кыздардын мүнөзү, кыймыл аракети балеринага окшош болсо гана окугула» дейм. Кээ бирөөлөр өздөрү үчүн келишет, жөн эле кызым бийлесин деп, ошолорго каршы болбоймун.

9.Кыргыз балетинин өнүгүүсүнө кандай шарттар керек?

Биз телевизордон балет, спектаклдерди көбүрөөк көрсөтүшүбүз зарыл. Балдарды театрга алып барып, спектакль, классикалык музыка менен тааныштыруу керек.  Министрлик союз учурундагыдай таланттуу балдар кыздарды, мени окуткандай, чет өлкөдө окутса болот. Россия менен андай келишим бар, ошону пайдаланган эч ким жок.

10. Аягында «балерина» болуу үчүн эмне талап кылынат, ушул тууралуу айтсаңыз?

Балерина болуш үчүн биринчиден профессионалду балет мугалиминин сынан өтүш керек. Балетке буту колдору туура болобу? Физикалык жактан денеси ийилчээк болуп, жакшынакай кебетиси, моюну узун, башы кичинекей болуш керек!

Биздин президент Сооронбай Шарипович айткандай таза, таланттуу инсандарыбыз көп, ошондой адамдар менен биз да алдыга чыгабыз!