Абайлаңыз! Сел жүрөт.

0
113

ӨКМ 13-14-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн кабарлады. Ага айылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Министрлик тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 9-июль күнү №02-34/500-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле, ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.