Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди

    0
    153

    “Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Жогорку cотко берилди. Бул тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова “Азаттык” радиосуна билдирди. Өткөн айда президенттин алдындагы ырайым кылуу маселелер боюнча катчылык коррупцияга айыпталып, сегиз жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлеринин кайрылуусун кароодон баш тарткан. Катчылык айыпталуучу өзү ырайым сурамайынча, иш каралбай турганын билдирип келет. Өмүрбек Текебаев болсо мындай кадамга барбасын билдирген.
    azattyk.org

    Сиздин пикир

    Please enter your comment!
    Please enter your name here