Оруссия Кыргызстанда өндүрүлгөн этке болгон чектөөнү алып салды

    0
    159

    Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматы Кыргызстандан ташылып кирүүчү эт жана эт азыктарына болгон убактылуу койгон чектөөсүн алып салды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө инспекциясынын маалымат кызматы Рахат Садырбекова кабарлады.Белгилүү болгондой, убактылуу чектөөнүн алынуусу менен Кыргызстандан өндүрүлгөн эт ЕАЭБ кирген өлкөлөрдө жана Орусиянын аймагында сатылуусуна шарт түзүлдү. Бул бир топ ишканалардын, фермерлердин эт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.Чектөөнү алуу Орусия жана Кыргызстандын өкүлдөрүнүн бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынды.
    slon.kg

    Сиздин пикир

    Please enter your comment!
    Please enter your name here