Google компаниясы Филиппиндиктерге бекер Интернет Wi-Fi бере баштады

    0
    100

    Кээ бир мамлекеттерде бекер Wi-Fi хотспотторду ачып берген Google Station программасы 2016 жылы түзүлгөн. Ал биринчи Индияда ачылып, андан кийин Индонезия, Нигерия, Тайланд, Мексика эми Филиппинде иштей баштады.
    Google өзүнүн бекер жана тез WiFiын адамдар көп жүргөн жерлерде, өзгөчө темир жол бекеттеринде ачат экен. Акысыз WiFi компанияга кандай пайда берет деп таң калбайт чыгаарсыз. Албетте, бул маркетинг. Адамдар интернетге Google аркылуу канчалык көп кирсе, андагы рекламаларды көрсө, компанияга ошончолук чоң суммада каражат түшөт. Белгилей кетсек Google мындай проекттерди ошол мамлекеттеги компаниялар менен бирге ишке ашырат. Демек бул жергиликтүү ишкерлерге да пайда алып келе турган бизнес. Google үчүн адамдар жыш жайгашкан чоң шаарлар чоң маркетинг, киреше булагы катара саналат. Ал эми 6 млн калкы бар Кыргызстан андай компанияларды оңой менен кызыктыра койбос. Бирок баардыгы келишим түзүүдөн көз каранды. Кызыктар тараптар аракетин көрсө болчуудай.

    Сиздин пикир

    Please enter your comment!
    Please enter your name here