“Бешкемпир” тасмасынын билеттери Францияда таланууда

    0
    102

    Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Бешкемпир» фильми Францияда өткөн Азия тасмалары фестивалында 3 сеанста коюлса да билеттер талаш менен сатылган. Фестиваль 25-жолу Везуль шаарында 5-12-февралга чейин болуп өттү. Юбилейлик датага карата уюштуруучулар мурдагы жылдары көрсөтүлгөн сүймөнчүк тасмалардын бирин программага кошо алмак. Актан Арым Кубаттын «Бешкемпир» тасмасы үчүнчү ирет көрсөтүлүп жатат. Алгачкы жолу 2000, андан соң 2002-жылы тартууланган. Ошого карабай француз кино сүйүүчүлөрү белгиленген эки сеанстын тең билетин талап кетип, үчүнчү сеансты уюштурууга туура келди», — дейт продюсер Алтынай Койчуманова.
    Азия тасмалары фестивалы — Европада 1995-жылдан бери өткөрүлүп келген эң кадырлуу иш-чаралардын бири. Жыл сайын анда 90дон ашуун тасма көрсөтүлүп, 30 миңдей көрүүчү болот.
    «Бешкемпир» кыргыз режиссерунун француз публикасына жаккан жалгыз тасмасы эмес. Мисалы, 2011-жылы «Свет аке» бул фестивалды «ачып» берсе, 2018-жылы «Кентавр» иш-чаранын жабылуу салтанатында көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, «Кентавр» Франциянын 30дан ашуун шаарында прокатка чыгып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
    Булак: sputnik.kg

    Сиздин пикир

    Please enter your comment!
    Please enter your name here