Мугалимдерге жана дарыгерлерге айлыктар көтөрүлөт

    0
    145

    Бул тууралуу каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылга бюджет долбоорунда ак халатчандарга маяналарды көтөрүү үчүн 630 миллион сом каралган. Мугалимдерге канча сумма бөлүнгөнү такталбайт. Бирок өлкө жетекчилиги бул эки категориядагы бюджеттик кызматкерлерге маяналарды көбөйтүү тапшырмасын бергенин Азимов белгиледи. Мындан тышкары, анын айтымында, мамлекеттик ипотекалык насыялоого каражат өз маалында бөлүнүүдө.

    Сиздин пикир

    Please enter your comment!
    Please enter your name here