Индияда дарыгерлер бейтаптын ичине медициналык шайманды унутуп калышкан

    0
    67

    Индиянын Хайдарабад шаарында дарыгерлер операция жасоо учурунда бейтаптын ичине медициналык шайманды унутуп калышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Махешвари аттуу аял грыжасын алдыруу үчүн дарыгерлерге кайрылат. Операция ийгиликтүү өтөт. Бирок бир аз убакыт өткөн соң Махешваринин ичи катуу ооруп, кайрадан дарыгерлерге кайрылууга мажбур болот. Рентген аппаратынын сүрөтү чыккандан кийин гана бейтаптын ичинде медициналык шайман бар экени белгилүү болгон.
    super.kg

    Сиздин пикир

    Please enter your comment!
    Please enter your name here