“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында Бишкекте видео жана сүрөт камералары иштеп баштады

0
28

Алар ордо калаанын 10 көчө кесилишинде орнотулуп, айланасында тиешелүү жол белгилери жана жарык диоддук жол чырактар дагы пайда болгон. Шаймандар күнү-түнү иштеп, жол коопсуздугундагы 7 эреже бузууну каттайт. Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга айып протоколдору жеткирилип турат. Айдоочулар uslugi.gov.kg сайтына кирип, унаанын номурун киргизүү менен айыптарды текшерип алса болот. Жакында протоколдор смс аркылуу келип, ал эми айыптарды онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
Булак: novosti.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here