Чоң-Алайда 70тан ашуун жүргүнчү менен 17 унаа кар алдынан куткарылды

0
76

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Кечээ Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык жолунун 98-чакырымында жалпы көлөмү 1 миң 300 куб метрге барабар эки кар көчкү түшүп, Деу Матиз унаасын басып калган. Жерине 4 куткаруучу жана эки техника тартылып, 1,5 сааттан соң 2 адам менен машине кар алдынан чыгарылган. Көп өтпөй ушул эле трассанын 115-чакырымында кар күрткүгө 70 жүргүнчү менен 16 унаа бекилип калган. 1 саатка жетпеген убакытта куткаруучулар карды тазалап, адамдарды сыртка чыгарышты. Алар жакынкы 2 мечитке убактылуу жайгаштырылган.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here