Бишкек—Ош жолунда 34 тонна солярка жүктөгөн унаа оодарылып кетти

0
72

Бишкек—Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя 5-февралда саат 15:30 чамасында унаа жолдун 424-чакырымында болгон.Баткен районундагы Чет-Булак айылынын 1977-жылы туулган тургуну К.Ф. «ДАФ» үлгүсүндөгү унаанын башкаруусун жоготуп, бурулуштан капталынан кулап калган. Ошол учурда унаада 34 тонна 610 литр солярка бар болчу. Аны Кара-Балтадан Жалал-Абадды көздөй ташып бара жаткан.Айдоочу жабыркаган жок.
turmush.kg

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here