Оштогу кул базар: Айлыктын аздыгынан жогорку окуу жайдагы ишими таштап, кул базарда иштеп жүрөм

0
105

Ким биринчи унаага олтурса, жумуш ошонуку –деген каарманыбыз Оштогу “кул базар” деп аталган жумушчулар иш издеген жерде иштейт. Ал жогорку окуу жайдагы ишин таштап, бул жерге келгенине 10 жылдан ашкан.

“Бул жерде иш эрте менентен баштап, түнгө чейин уланат. Көрүнүп тургандай, бул адамдар жөн гана автобусту эле күтүшөт. Кандайдыр бир автоунаа токтой калса, ошону көздөй чуркашат. Бул жерди мурдатан эле “кул базар” деп келишкени белгилүү. Аталган жердеги жумуш издегендер турушат”,-дейт каарманбыз.

Аты жөнүн өзгөртүү менен сүйлөп берүүгө макул болгон, Алмаз Бердугулов (аты өзгөртүлдү) 1969-жылы төрөлгөн. 1987-жылы Жогорку окуу жайын аяктап, ошол жерде иштеп калган. Кийин айлыктын аздыгы аны ушул жолго жетелеген.
“Биологиялык факультетти бүтүргөм. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Кант диабети менен жабыркайм. Мен окууну бүтүп иштеген учурда мугалимдердин айлыгы аз болчу. Азыр деле жакшы эмес. Акчанын жетишпегенине байланыштуу ушул жумушка келүүгө аргасыз болдум. Бул жерде кышында иш аз болот. Иш берем дегендер келсе талашып-тартышып да кетишет. Кул базарда иштегениме 10 жылдан ашты”,-деди ал.

50 жаштагы Алмаз Бердигулов иш издегендер ар кандай жумуштарга бараарын дагы белгиледи.

“Жумушчу издегендер негизинен көбүнчө турак жайынан башка жака көчкөндө, жүктөрүн түшүрүп бергиле деп келишет. Чоң жүк сактоочу жайларга тонналап жүктөр келет. 1 тоннасына 150-200 сомдон төлөп берет. Мисалы, 25 тонна жүк болсо, аны түшүрүп берүү 3750 сом болот. Ошону 4-5 саттын ичинде түшүрүп, жыйып берип 625 сомдон алабыз. Акыркы учурларда жер казганга адам керек деп издеп келишет. Мурда жерди айылдагы балдар гана казып коюшчу. Замандын өзгөрүшү менен, жерди атайын адамдарга акча төлөп каздырып калышты. Бирок мен бул иштен уялбайм. Эч кандай жаман жагы жок. Алланын алдында таза мээнет кылып, нан таап келе жатам. Учурда 3500 сом пенсия алам. Бир күндө 500 сом тапсам дагы өзүмө жаккан иш болсо барам. Бүгүн эле бирөө келип, койчу болгонго адам керек, айлыгы 5000деп кетти. Албетте эч ким макул болбойт”,-деди жумушчу.

Каарманыбыз, устачылыкты да өздөштүргөнүн айта кетти.

“Адамда кандай иш болбосун кызыгуу болуу керек. Устачылыкты деле окуп үйрөнгөн эмесмин. Бирөө жасап жатса эле мен да жасап көрөйүн деп ар нерсеге кызыгам”.
Жумуш издегендер күнүнө 50гө жакын чогулат. Кайсыл адам келип жумуш берет экен деген үмүт менен турушат. Алардын арасынан ар кандай адамдарды кезиктирүүгө болот.

“Ар кандай адамдар иштегени келишет. Кээ бирлери бир күндө тапкан акчасын, ошол күнү эле ичкиликке же башка нерселерге коротуп коюшат. Айрымдар, үнөмдөп арзан ашканаларга кирип, акасын үнөмдөөгө аракет кылышат. Эс алуу күндөрү студенттер да келишет. Аларга жумуш көп болот. Бул жерде 16 жаштан 65 жашка чейинки адамдар бар”,-деп билдирди Алмаз Бердигулов.

Жалданып иштегендердин дагы бири сөзгө аралашты. Ал өзү жөнүндө айтып берип жатып, аялым ушул жерде иштегеним үчүн менден ажырашкан деп айтып, тагдырын толук баяндап берүүдөн баш тартты.

А.Бердугуловдун үй бүлөсү Оштун четиндеги айылдардын биринде жашайт. Ал эми өмүрлүк жары, каражаттын жетишсиздигинен улам, Москвада эмгектенип жүргөнүн айтты. 1 уул, 3 кыздын атасы.

Автор: Айганыш Туратбек кызы.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here