Аксыда 101 аштагы эне президентке кайрылуу жолдоду

0
69

Аксы районунун Өлөм-Булак айылынын тургуну Гүласал Сүйүнбаева президент Соронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Ал неберелерин жалгыз чонойтуп, учурда бир небереси жалган жалаа менен камалып жатканын белгилеген.

“Урматтуу президент мен сизге аргасыздан кайрылуу жазууга мажбур болдум. Үнүм Кудайга жетсе жеткендир бирок, укук коргоо органдарына жана сотторго жетпеди. Менин жашым 101 жашта. 1 уул 6 неберем бар. Келиним, 3 уул 3 кызды төрөп, каттуу оорууга байланыштуу көзү өтүп кетип, неберелерими өзүм тарбиялап чоңойттум. Туң неберем карындаштарына жана инилерине башы көз болуп, айылда жумуш жок болгондуктан Бишкек шаарында иштеп жүргөн. Азыркы учурда Долонбаев Уларбекке куруу доо менен (кыз зордукттоо) айыбы тагылып, кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын 1-май РИИБнин убактылуу кармоочу жайында олтурат. Иши сотко өткөрүлүп, бей күнөө камала турган болуп турат. Кыз зордукташ бул жакта турсун карындаштарына каттуу сүйлөбөйт. Менин жашым бир топко келип калды ыйлай берип, өзүм да кыйналып калдым. Тууган урук менен макулдашып, биртке тыйын таап, жактоочу жалдадык эле жактоочубуз неберем Долонбаев Уларбектин күнөөсүз экенин далилдеп чыкты бирок, соттор биздин үнүбүздү угуп да койбой доогер тараптын доосун канааттандырганга аракет кылып жатат. Зордукталды деген кыздын Апасы бизден 500 000 (беш жүз мин сом) акча талап кылып, эгер биз берсек доосун алуусун айтып жатат. Менде андай акча кайдан болсун аз пенция бар, неберем болсо бир туугандарын мектепте окутайын деп, Бишкек шаарында иштеп жүрсө. Акчаны ачык эле талап кылып, коркутуу-үркүтүү болуп жатат”,-деп айтылат кайрылууда.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here