Араванда салык кызматкери токмоктолду

0
46

Араван райондук салык кызматынын кызматкери Махамадшүкүр Алимов айыл өкмөттүн баласы тарабынан токмоктолгонун айтууда. Ал катуу жабыркагандыктан, учурда оруканада жатат.
Салык кызматкери, айыл өкмөт башчысынын баласы эч себепсиз эле сабап салганын айтты.
“1-февраль күнү жумушка бара жаткам. Тар көчөдо айыл өкмөт башчынын баласы жоолугуп калды. Ал менин себепсиз эле сабап салды. Жыгылганымда тепкилеп уруп, эсимди жоготуп койдум. Андан соң оруканага кайрылдым”,-деди ал.
Бул маалымат боюнча Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысынан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here