14 жаштагы кыз зордуктоого кабылып, кризистик борборго качып келди

0
42

“Ак-Жүрөк” кризистик борборунун Оштогу жетекчиси Дарика Асилбекова 14 жаштагы кыз атасы тарабынан кош бойлуу болуп калганын жазды. Маалым болгондой, жаш кыз атасынын кордугунан кийин, кризистик борборго качып келген.

“14 жаштагы кыз тагдырдын курмандыгы болгон. Кош бойлуу болуп калбаганда эч кимдин иши жок дагы деле жүрө бермек. Эми мындан кийинки жашоосу эмне болот. Атасы камакта. Жашырып жүрө берели. Эч кимге айтпай. Атасы темир тор артына камалсын. Кыздарыбызды сактайлычы туугандар”,-деп айтылат маалыматта.

14 жаштагы кыз Өзгөн районунун тургуну.

Сиздин пикир

Please enter your comment!
Please enter your name here